ПостановлениеНе вступил в силу

Постановление Кабинета Министров КР от 19 ноября 2026 года № 756 «О мерах по определению единственного оператора телекоммуникаций по поставке, транзиту и предоставлению международного интернет-трафика»

Редакцияот 19.11.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 19-ноябры № 765

 

Эл аралык интернет-трафикти жеткирүү, транзиттөө жана

берүү боюнча телекоммуникациялардын жалгыз операторун аныктоо боюнча чаралар жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү санариптик эгемендигин бекемдөө, стратегиялык маалымат агымдарына мамлекеттик контролдун үзгүлтүксүздүгүн, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу максатында, «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 5-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1.  «ЭлКат» жоопкерчилиги чектелген коому маалыматтарды берүү тармактарынын трансчек аралык туташуусун камсыз кылуу, ошондой эле эл аралык трафикти өткөрүү, транзиттөө жана терминациялоо боюнча өзгөчө мөөнөтсүз укук берүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык интернет-трафикти жеткирүү, транзиттөө жана берүү боюнча телекоммуникациялардын жалгыз оператору болуп аныкталсын.

2.  Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) ар кайсы мамлекеттерде жайгашкан тармактын түйүндөрү менен туташтырылган кандай болбосун бөлүнгөн байланыш каналдары (анын ичинде L1, L2/L2VPN/MPLS/VPLS/Ethernet, L3/I-транзит) аркылуу өткөн трафик эл аралык болуп саналат;

2) бул токтомдун 1-пункту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 104 «Кыргыз Республикасынын улуттук телекоммуникация операторлору жөнүндө» токтому менен аныкталган улуттук телекоммуникация операторлорунун статусун, укуктарын жана милдеттерин токтотууга же чектөөгө алып келбейт.

3.  Кыргыз Республикасынын телекоммуникация операторлоруна төмөнкүлөр сунушталсын:

1) белгиленген тартипте эл аралык байланыш каналдарын ижарага алууга колдонуудагы контракттарды «ЭлКат» жоопкерчилиги чектелген коомуна өткөрүп берүүнү, ошондой эле эл аралык интернет-трафикти анын техникалык инфраструктурасы аркылуу гана алууну камсыз кылуу;

2) бул токтом күчүнө кирген күндөн тартып 60 календардык күндөн кечиктирбестен ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн контракттарды өткөрүп берүү мөөнөтүн жана графигин «ЭлКат» жоопкерчилиги чектелген коому менен макулдашуу.

4. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу:

1) телекоммуникация операторлорунун бул токтомдун талаптарын аткаруусун контролдоо боюнча чараларды көрсүн;

2) «ЭлКат» жоопкерчилиги чектелген коому менен биргеликте бардык телекоммуникация операторлору үчүн бирдей шарттарды камсыз кылган, экономикалык негизделген жана ачык-айкын тарифтик саясатты иштеп чыксын жана бекитсин.

5. «ЭлКат» жоопкерчилиги чектелген коомуна алынган кирешелерди жана топтолгон ликвиддүүлүктү артыкчылыктуу тартипте өзгөчө маанилүү маалыматтык инфраструктураны өнүктүрүүгө андан ары кайра инвестициялоого багыттоо сунушталсын, атап айтканда:

1) маалыматтарды иштеп чыгуунун улуттук борборлорун жана эл аралык интернет-трафикке жетүүнүн бирдиктүү шлюздарын модернизациялоого, техникалык жабдууга жана иштөөсүнүн туруктуулугун камсыз кылууга;

2) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасында трансчек аралык жана резервдик була-оптикалык байланыш линияларын курууга, диверсификациялоого жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн кеңейтүүгө;

3) өлкөнүн геосаясий статусун жана санариптик эгемендигин бекемдөө максатында маалыматтардын экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө жана эл аралык транзитин кеңейтүүгө.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев