ПостановлениеДействует

Жумгал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 11-февралындагы «Жумгал айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2026-жылдын бюджетин бекитүү, 2024-2026-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө.» №2-2 токтому

Редакцияот 11.02.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖУМГАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ II СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 11-февралы  №2-2

 

Жумгал айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2026-жылдын бюджетин бекитүү, 2024-2026-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө.

 

Жумгал айыл өкмөтүнүн ФЭӨ бөлүм башчысы: Нуркулов Уланбектин билдирүүсүн угуп, талкуулап, Жумгал айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1.    Жумгал айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын киреше бөлүгү 32025,8 м. сом, ал эми чыгаша бөлүгү 30305,6 м. сом болуп бекитилсин.

2.    Жумгал айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 27106,3 м. сом болуп бекитилсин.

Киреше бөлүгү

a.    Салык төлөмдөрүнөн түшкөн киреше — 10077,6 миң сом

b.    Теңдештирүүчү трансферттер — 17028,7 миң сом

c.    Баардык киреше бөлүгү — 27106,3 миң сом

 

3.    Жумгал айыл өкмөтүнө түшкөн киреше төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:

a.    Билим берүү тармагына  — 2805,0 миң сом

b.    Бала бакчаларга — 1386,0 миң сом

c.    Клубдарга — 3012,8 миң сом

d.    Китепканаларга — 1632,0 миң сом

e.    Башкаруу аппаратына — 16250,5 миң сом

f.     Социалдык коргоо тармагына — 270,0 миң сом

g.    Жайыт чыгымы — 900,0 миң сом

Атайын каражаттар

h.    Аппарат — 100,0 миң сом

i.      Бала бакча ата эне төлөмү — 750,0 миң сом

j.      Баардык чыгаша бөлүгү 27106,3—  миң сом

4.    Бала бакчанын род взносунан чогулган акча каражаты атайын счетко төгүлгөндөн кийин бала бакчанын керектөөсүнө которулуп берилсин.

5.    2027-жылдын бюджетинин киреше чыгаша бөлүктөрүнүн долбоору 28347,9 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

Киреше бөлүгү

a.    Салык төлөмдөрүнөн түшкөн киреше — 11319,2 миң сом

b.    Теңдештирүүчү трансферт — 17028,7 миң сом

c.    Баардык киреше бөлүгү — 28347,9 миң сом

6.    2028-жылдын бюджетинин киреше чыгаша бөлүктөрүнүн долбоору 29703,9 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

Киреше бөлүгү

a.    Салык төлөмдөрүнөн түшкөн киреше — 12675,2 миң сом

b.    Теңдештирүүчү трансферт — 17028,7 миң сом

c.    Баардык киреше бөлүгү — 29703,9 миң сом

7.    Корголгон статьялар (эмгек акы, соц фонд, коммуналдык чыгымдар) биринчи кезекте каржылансын.

8.    Бул токтомдун аткарылышы Жумгал айыл өкмөтүнүн ФЭӨ бөлүм башчысы У. Нуркуловго милдеттендирилсин.

9.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жумгал айыл өкмөт башчысы Түгөлбеков Атилла Түгөлбековичке милдеттендирилсин.

 

 

Төрайым

Б. Мусаева