Кунтуу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы № 1/8 «Социалдык коргоо программасын бекитүү жөнүндө» токтому
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-январы № 1/8
Социалдык коргоо программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34 беренесинин 2-пунктуна ылайык, калктын социалдык жактан аярлуу катмарларын колдоо, алардын жашоо шарттарын жакшыртуу жана социалдык жардам көрсөтүнүүнүн натыйжалуугун жогорулатуу тууралуу, соц.комиссиясынын төраймы И.Т.Джолдошованын маалыматын угуп, талкуулап, Күнтуу айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2026-жылга карата Күнтуу айыл өкмөтүнүн Социалдык жактан коргоо программасы толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү менен №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Программаны ишке ашыруу, тиешелүү кызматкерлер тарабынан бекитилген иш-чаралар планына ылайык камсыз кылынсын.
3. Программаны каржылоо мыйзамдарда тыюу салынбаган каражаттардын эсебинен жана жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жүргүзүлсүн.
4. Программанын аткарылышы жөнүндө маалымат белгиленген тартипте сунушталып турсун.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага |
| Ж.Ж. Султанбеков |