ПостановлениеДействует

Кунтуу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 11-мартындагы № 9 «Электр энергиясынын карызын жоюу жөнүндө» токтому

Редакцияот 11.03.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 11-марты № 9

 

«Электр энергиясынын карызын жоюу жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 126 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарын республикалык бюджеттен каржылоо жөнүндө» Жобонун 6-пунктуна ылайык «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү кеңештердин чечимине ылайык жергиликтүү бюджетте турган бюджеттик мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн карыздарын жоюуга жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүп бере алат» жана Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 19-январындагы № 02-01-10/319 катынын негизинде Күнтуу айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Күнтуу айыл аймагындагы жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин электр энергиясы үчүн пайда болгон карызды жоюу үчүн 70921 бөлүмүнүн 2231 беренесине 1134,9 миң сом бөлүнсүн.

2. Тиешелүү документтерди даярдоо жана сунуштоо Күнтуу айыл өкмөтүнүн бухгалтери А.Б.Раимбековага милдеттендирилсин.

3. Электр энергиясы үчүн карыздардын суммасы такталып, тиешелүү мекемелер менен биргеликте салыштыруу актылары жүргүзүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Суюналиевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Ж.Ж. Султанбеков