ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 19 ноября 2026 года № 764 «О внесении изменений в постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики «О мерах по стабилизации рыночных цен на горюче-смазочные материалы и внесении изменений в некоторые решения Кабинета Министров Кыргызской Республики» от 25 мая 2026 года № 369»

Редакцияот 19.11.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 19-ноябры № 764

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин   2026-жылдын 25-майындагы № 369 «Күйүүчү-майлоочу материалдарга рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

 

Субсидияларды берүү механизмин өркүндөтүү, күйүүчү-майлоочу материалдардын ички рыногунун туруктуулугун камсыз кылуу, ички рынокту күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз жабдуу, республикалык бюджеттин каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-майындагы № 369 «Күйүүчү-майлоочу материалдарга рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пункттун 1-пунктчасы «Аи-92 маркасы» деген сөздөрдөн кийин «, ЭКО-93» деген сөздөр менен толукталсын;

2) төмөнкүдөй мазмундагы 3¹-пункт менен толукталсын:

«3¹. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 340 «Айрым мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон уюмдар жана чарбалык коомдор үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды жана мунай продукттарынын башка түрлөрүн жеткирүү маселелери жөнүндө» токтому менен аныкталган берүүчү «Кыргызкөмүр» ачык акционердик коомуна дизель отунун жеткирүүнү, салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү эске алуу менен бир литр үчүн 92,85 (токсон эки) сом 85 тыйын баасында сатууну камсыз кылсын.»;

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоо жана сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырган субъекттерге субсидияларды берүүнүн убактылуу тартибинде:

– 3-пункттун 1-пунктчасы «Аи-92 маркасы» деген сөздөрдөн кийин «, ЭКО-93» деген сөздөр менен толукталсын;

– төмөнкүдөй мазмундагы 4¹-пункт менен толукталсын:

«4¹. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 340 «Айрым мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон уюмдар жана чарбалык коомдор үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды жана мунай продукттарынын башка түрлөрүн жеткирүү маселелери жөнүндө» токтому менен аныкталган берүүчүгө субсидиялар «Кыргызкөмүр» ачык акционердик коомуна берилүүчү көлөмдөр бөлүгүндө берилет.»;

– 5-пункттун 2-пунктчасында «чекене» деген сөз алып салынсын;

– төмөнкүдөй мазмундагы 7¹-пункт менен толукталсын:

«7¹. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 340 «Айрым мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон уюмдар жана чарбалык коомдор үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды жана мунай продукттарынын башка түрлөрүн жеткирүү маселелери жөнүндө» токтому менен аныкталган берүүчү үчүн субсидиялардын өлчөмү чыгымдарды жана рентабелдүүлүктү эске алуу менен импорттолгон дизель отунунун иш жүзүндөгү наркы менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталган аны сатуу баасынын ортосундагы айырма катары   аныкталат.»;

– төмөнкүдөй мазмундагы 11¹-пункт менен толукталсын:

«11¹. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу жана сатуу наркын түзүүнүн иш жүзүндөгү шарттарын эске алуу менен субсидия алуучу тарабынан берилген эсептөөлөргө жана документтерге кошумча талдоо жүргүзүүгө укуктуу, анын жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топко субсидиянын өлчөмүн корректировкалоо жөнүндө сунуш киргизет.».

2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана төмөнкүлөрдү кошпогондо, 2026-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет:

1) 2026-жылдын 23-июнунан тартып күчүнө кирүүчү 1-пункттун 2-пунктчасын, 1-пункттун 3-пунктчасынын үчүнчү, төртүнчү, алтынчы жана жетинчи абзацтарын;

2) 2026-жылдын 25-майынан тартып күчүнө кирүүчү 1-пункттун 3-пунктчасынын бешинчи, сегизинчи жана тогузунчу абзацтарын.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 20-ноябрындагы № 88 (3848) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.А. Касымалиев