Кунтуу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 11-мартындагы № 10 «Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын колдонууга киргизүү жана ставкасын белгилөө жөнүндө» токтому
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-марты № 10
Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын колдонууга киргизүү жана ставкасын белгилөө жөнүндө
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 73,74, 75-беренелерине, 76-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы №662 токтомунун калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча эсептөөнү толтуруу жана берүү тартибинин 3-пунктуна ылайык, Күнтуу айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Күнтуу айыл аймагында таштанды чыгаруу үчүн жыйым ишке киргизилсин.
2. Күнтуу айыл аймагынын жеке жана юридикалык жактар – ишкердик иши үчүн төмөнкүдөй бекитилсин:
– Таштанды чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы ар бир иштеген кызматкерге жыл сайын 100 сом өлчөмүндө;
– Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды эсептөө мөөнөтү жыл сайын 1-апрелине чейин;
– Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды төлөө мөөнөтү жыл сайын 1-апрелге чейин;
3. Күнтуу айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-мартындагы №3/21 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Суюналиевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Ж. Султанбеков |