ПостановлениеДействует

Орто-Кайыңды айылдык кеңешинин 2026 – жылдын 28-октябрындагы № 63 «Ичүүчү суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпыга жеткиликтүүлүк программасынын алкагындагы Кызматташтык жөнүндө алкактык макулдашууну жактыруу жана аны кол коюу боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 28.10.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2026 – жылдын  28-октябры № 63

 

Ичүүчү суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпыга жеткиликтүүлүк программасынын алкагындагы Кызматташтык жөнүндө алкактык макулдашууну жактыруу жана аны кол коюу боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы  Ичүүчү суу менен камсыздоону   жана  саркынды  сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти менен түзүлө турган Ичүүчү суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпыга жеткиликтүүлүк программасынын алкагындагы Кызматташтык жөнүндө алкактык макулдашуунун  долбоорун карап чыгып жана  айыл өкмөтүнүн башчысы   Ж.Э.Баязованын  Дүйнөлүк банктын, Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын, Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин жана ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Ичүүчү суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпыга жеткиликтүүлүк программасы « 1-Фаза »  долбоорун  ишке ашырууга айыл өкмөтүнүн  катышуусунун максаттары, шарттары жана күтүлүүчү натыйжалары жөнүндө маалыматын угуп,Макулдашууга кол коюу жана аны айылдык  кеңештин сессиясында кабыл алынган чечими менен жактыруу  айыл аймагында Долбоорду ишке ашыруу программасына киргизүүнүн жана  айыл аймагында Долбоордун иш-чараларын каржылоону баштоонун милдеттүү шарты болуп саналарын эске алып,  Кыргыз Республикасынын  “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине ылайык  Орто-Кайыңды айылдык кеңеши  токтом кылат:

1. Ичүүчү суу менен камсыздоону   жана  саркынды  сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти   менен  Орто-Кайыңды айыл   айыл өкмөтүнүн   ортосундагы Ичүүчү суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпыга жеткиликтүүлүк программасынын алкагындагы Кызматташтык жөнүндө алкактык макулдашуунун долбоору тиркемеге ылайык  жактырылсын.

2..Айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э.Баязовага Макулдашууга айыл өкмөтүнүн атынан  жактырылган редакцияцияга ылайык кол коюу боюнча ыйгарым укугу  берилсин.

3.Долбоордун шарттарына макулдук берилсин, анын ичинде:

1) Үй чарбаларын ичүүчү суу менен камсыздоо тутумуна сууну эсепке алуу приборлорун (суу эсептегичтерди) орнотуу менен жеке (короого) туташтырууларды киргизүүнү камсыз кылуу.

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 320 токтому менен бекитилген Ичүүчү суунун жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарынын тарифтерин аныктоо тартибине жана ичүүчү суу менен камсыздоо кызматтарын жакшыртуу планында карал-ган тарифтик траекторияга ылайык, операциялык (пайдалануу) чыгымдарды жана  амор-тизациялык чегерүүлөрдү жабууну камсыз кылган ичүүчү суунун жана саркынды суулар-ды чыгаруу кызматтарынын тарифтерин белгилөөнү камсыз кылуу милдеттенмесине;

3) Жергиликтүү кеңештин компетенциясынын чегинде тарифтик сунуштарды Долбоорду ишке ашыруу графигинин сакталышын камсыз кылган мөөнөттөрдө карап чыгуу жана бекитүү.

4) Аз камсыз болгон үй чарбаларын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суулар -  ды чыгаруу кызматтарына туташтыруу планын  киргизүүнү камсыз кылуу милдеттенмесине.

4. .Орто-Кайыңды айыл  аймагында ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүнү белгиленген тартипте аныкталуучу, муниципалдык ишкананын уюштуруучулук-укуктук формасындагы ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу райондук кызмат көрсөтүүчүсү аркылуу уюштурууну   камсыз кылуу.

5.Тиешелүү финансы жылына жергиликтүү бюджетте Макулдашуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн зарыл болгон каражаттар, анын ичинде зарылчылык болгондо Кайра отурукташтыруу боюнча иш-аракеттер планынын алкагында Долбоордун таасирине кабылган адамдарга компенсациялык төлөмдөр каралсын.

6.Айыл өкмөтүнө  төмөндөгү иш –чараларды аткаруу  тапшырылсын.

1)  Кичи  долбоордун  объекттери  үчүн  жер тилкелерин бөлүп берүүнү, зарыл болгон уруксаттарды жана макулдашууларды алууну, ошондой эле алынган уруксат берүүчү документтердин жана кабыл алынган чечимдердин юридикалык ишенимдүүлүгүн жана чындыгын камсыз кылуу.

2) Кичи долбоордун алкагында түзүлгөн (реабилитацияланган) объекттерди пайдаланууга кабыл алууну, түзүлгөн жана сатып алынган активдерди муниципалдык менчикке кабыл алууну жана аларды муниципалдык менчиктин реестрине киргизүүнү камсыз кылуу;

3) РККга берилүүгө тийиш активдерди ИСКСЧӨДдин алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз ажыратууга, күрөөгө өткөрүп берүүгө, үчүнчү жактардын уставдык фондусуна киргизүүгө жана максатын өзгөртүүгө жол бербөө;

4) Долбоордун алкагында, анын ичинде жеке туташтыруулар жана тарифтердин индикативдүү деңгээли маселелери боюнча чогулуштарды, коомдук угууларды жана консультацияларды аялдардын катышуусу кеминде 30 (отуз) пайыз болгон шартта өткөрүүнү камсыз кылуу.

5) Ушул чечимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн Макулдашуунун кол коюлган нускасы менен бир мезгилде, бирок Макулдашууга кол койгон күндөн тартып 10 (он) жумуш күнүнөн кечиктирбестен  ИСКСЧӨДдин Долбоорлорду ишке ашыруу тобуна жөнөтүү;

6) Айылдык кеңешке Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жарым  жылда кеминде бир жолу маалымат берип туруу.

7.Ушул  токтом   каттого алынсын  жана  Кыргыз Республикасынын  ченемдик - укуктук  актыларынын  мамлекеттик реестрине  киргизүү  үчүн Кыргыз Республикасынын  юстиция  Министирлигине жөнөтүлсүн. 

8. Ушул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөөнү Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э. Баязовага жана айылдык кеңештин  бюджет, каржы , экономика, салык жана муниципалдык менчик  боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

К.М. Мырзагелдиев