ПостановлениеДействует

Кунтуу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 25-майындагы № 2/13 «Жазуучу Ө.Даникеевдин эстелигин орнотуу жөнүндө» токтому

Редакцияот 25.05.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 25-майы № 2/13

 

Жазуучу Ө.Даникеевдин эстелигин орнотуу жөнүндө

 

Кыргыз элинин көрүнүктүү инсаны, коомго сиңирген эмгегин даңазалоо жана келечек муундарга үлгү катары калтыруу максатында, Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Жар айылынын Термечикова көчөсүндө жайгашкан эс алуу жайында Ө. Даникеевдин эстелигин орнотуу боюнча У. Даникеевдин арызын карап чыгып, талкуулап  Күнтуу айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Чоң-Жар айылынын Термечикова көчөсүндө жайгашкан эс алуу жайына Ө. Даникеевдин эстелигин орнотууга макулдук берилсин;

2. Эстеликтин долбоорун даярдоо, каржылоо булактарын кароо, мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү уруксаттарды алуу Ө. Даникеевдин жакын туугандарына тапшырылсын;

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б. Суюналиевге жүктөлсүн;

4. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

Ж.Ж. Султанбеков