Орто-Кайыңды айылдык кеңешинин 2026 – жылдын 28-октябры № 64 «Жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесинин жалпы аянтын бекитип берүү жөнүндө» токтому
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026 – жылдын 28-октябры № 64
Жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесинин жалпы аянтын бекитип берүү жөнүндө
Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э. Баязованын 2026-жылдын 26 октябрындагы “ Орто-Кайыңды айыл аймагында жайгашкан айылдарда жеке турак жай салганга жер участокторунун жалпы аянтын бекитип берүү жөнүндө “ кайрылуусун карап жана маалыматын угуп Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21- беренесинин 9-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине ылайык Орто-Кайыңды айылдык кеңеши токтом кылат :
1.Орто-Кайыңды айыл аймагында жеке турак жай куруу үчүн бериле турган жер тилкесинин жалпы аянты төмөнкү өлчөмдө бекитилсин :
-Орто-Кайырма, Эркин-Сай, Букара, Тельман жана Кум-Арык айылдарында 1500,0м2
-Вознесеновка айылында 800,0 м2.
2. Ушул токтом каттого алынсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик - укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министирлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э. Баязовага жана айылдык кеңешинин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.М. Мырзагелдиев |