ПостановлениеДействует

Орто-Кайыңды айылдык кеңешинин 2026 – жылдын 28-октябры № 65 «Жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 28.10.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2026 – жылдын  28-октябры № 65

 

Жер тилкесинин максаттуу багытын  өзгөртүү жөнүндө

Орто-Кайыңды  айыл аймагына караштуу № 426 – контурда жайгашкан “Карьер”  участогундагы жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүү  жөнүндө Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап чыгып ,  Шаар куруу жана архитектура  департаментинин  Панфилов райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2026-жылдын 08-сентябрындагы  № 788 – шаар куруу   корутундусунун   негизинде, Кыргыз Республикасынын “  Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34 жана 39 беренелерине ылайык  Орто-Кайыңды айылдык кеңеши  токтом кылат:

1.Орто-Кайыңды  айыл аймагына караштуу № 426 – контурда  жайгашкан  “ Карьер” участогундагы  1046,0м2  анын ичинде  ( № 1 жер тилкеси 782,0м2,  № 2 жер тилкеси 264,0м2  )   жер тилкесинин максаттуу багытын  айыл чарба багытындагы эмес жерлерден  турак жайы ( чабандын үйү ) менен фермердик чарба жүргүзүү үчүн жер тилкесине  өзгөртүүгө  макулдук берилсин.

2.Ушул токтом   каттого  алынсын жана  Кыргыз  Республикасынын  ченемдик - укуктук  актыларынын мамлекеттик  реестрине  киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция  Министирлигине   жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөөнү Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э. Баязовага жана айылдык  кеңешинин  жер маселелер  боюнча туруктуу   комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

К.М. Мырзагелдиев