Постановление Кабинета Министров КР от 18 ноября 2026 года № 760 «О внесении изменения в постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики «О предельной штатной численности государственных органов исполнительной власти Кыргызской Республики и иных государственных органов Кыргызской Республики, в том числе технического и обслуживающего персонала» от 15 ноября 2021 года № 264»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-ноябры № 760
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ишинин натыжайлуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-ноябрындагы № 390 тескемесин аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
- 9-пункттун "Орун басарлардын саны" графасында "3" деген цифра "4" деген цифрага алмаштырылсын.
2. Бул токтом тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үчүн каралган каражаттардын жана штаттык сандын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |