Жумгал айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-;жылдын 24-февралындагы «Жумгал айыл аймагынына караштуу Чон-Дөбө айылындагы «Курманбай» «К-1-1» «К-1-2» «Кайырма» «Туура Арык» каналдарын «Жумгал суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүү жөнүндө» №3-3 токтому
ЖУМГАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ III СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 24-февралындагы №3-3
Жумгал айыл аймагынына караштуу Чон-Дөбө айылындагы "Курманбай" "К-1-1" "К-1-2" "Кайырма" “Туура Арык” каналдарын "Жумгал суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде Жумгал айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги "Суу чарба секторун натыйжалууу башкаруу жана өнүктүрүү жонундо №207 токтомун негизинде" Жумгал айыл аймагынына караштуу Чон-Дөбө айылында жайгашкан узундугу 2800 метр, туурасы 12метрди түзгөн "Курманбай" каналын, узундугу 2800 метр туурасы 12метрди түзгөн "К-1-1 "каналын, узуну 3500 метр, туурасы 12метрди түзгөн "К-1-2" каналы, узуну 3500 метр туурасы, 12метрди түзгөн "Кайырма" каналы, узуну 3500 метр, туурасы 12метрди түзгөн "Туура Арык" каналы мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын Жумгал суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы: А.Түгөлбековго жүктөлсүн.
3. Ушул тескеме айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, https://jumgal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрайым | Б. Мусаева |