ПостановлениеДействует

Кунтуу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 25-майындагы № 2/16 «Кара-Сакал айылынын тургуну З.Егембердиеванын арызын кароо жөнүндө» токтому

Редакцияот 25.05.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 25-майы № 2/16

 

Бишкек-Күнтуу-Шопоков автоунаа жолунун капиталдык ремонт, кеңейтүү иштерине байланышуу, Күнтуу айыл аймагына караштуу Кара-Сакал айылындагы “Прогресс” багбанчылыгынын кароолчу үйү бузулуп, сүрдүрүлгөнүнө байланыштуу, ошол үйдө туруктуу жашап келген Кара-Сакал айылынын тургуну Замира Егембердиеванын арызын карап чыгып,  талкуулап  Күнтуу айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Кара-Сакал айылынын тургуну Замира Егембердиевага турак жай салуу үчүн ылайыктуу жер тилке табылып калса, мыйзам чегинде карап берүүгө макулдук берилсин;

2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б. Суюналиевге тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

Ж.Ж. Султанбеков