Кунтуу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 25-майындагы № 2/17 «Мини футбол аянтчасын жана балдар аянтчасын куруу жөнүндө» токтому
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-майы № 2/17
Мини футбол аянтчасын жана балдар аянтчасын куруу жөнүндө
Күнтуу айыл аймагындагы жаштардын жана балдардын дене тарбиясын өнүктүрүү, сергек жашоого калыптандыруу жана калк үчүн ыңгайлуу эс алуу шарттарын түзүү максатында, Кызыл-Туу айылындагы Сазбак-Ата көчөсүнүн күн чыгыш тарабында мини футбол аянтчасын жана балдар аянтчасын куруп берүү боюнча Сазбак-Ата көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Күнтуу айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кызыл-Туу айылындагы Сазбак-Ата көчөсүнүн күн чыгыш тарабында мини футбол аянтчасын жана балдар аянтчасын курууга макулдук берилсин;
2. Курулуш иштерин жүргүзүү үчүн, айыл өкмөтүнүн жер адистери тиешелүү жер тилкесин жана аянтын тактоого милдеттендирилсин;
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б. Суюналиевге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага |
| Ж.Ж. Султанбеков
|