ПостановлениеДействует

Кунтуу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 25-майындагы № 2/18 «Эндуро турдун туристтик маршруту жөнүндө» токтому

Редакцияот 25.05.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 25-майы № 2/18

 

Эндуро турдун туристтик маршруту жөнүндө

 

Күнтуу айыл аймагында спорттук туризмди өнүктүрүү, жаштарды сергек жашоого үндөө жана эндуро спортун өнүктүрүп, эндуро турдун туристтик маршрутун колдоп берүү боюнча Исмаил айылынын тургуну Б.К.Суйуналиевдин арызын карап чыгып, талкуулап Күнтуу айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Жеке ишкер Б.К.Суйуналиевдин тарабынан уюштурулуучу эндуро турду Күнтуу айыл аймагында өнүктүрүүгө макулдук берилсин;

2. Иш-чараны өткөрүүдө маршруттар алдын ала макулдашылып, коомдук коопсуздук, санитардык тазалык жана экологиялык талаптар сакталсын;

3. Уюштуруучулар, айлана-чөйрөгө, жайыт жерлерине зыян келтирбөө боюнча чараларды көрүү милдеттендирилсин;

4. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы Тынчтык жөнүндө №194 Мыйзамын сактоо менен иш алынып барылсын;

5. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б. Суюналиевге тапшырылсын

6. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.

 

 

Төрага 

 

Ж.Ж. Султанбеков