Приказ Министерства строительства, архитектуры и жилищно-коммунального хозяйства Кыргызской Республики от 18 ноября 2026 года № 142-нпа «О внесении изменений в приказ Государственного агентства архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Кабинете Министров Кыргызской Республики»Об утверждении перечня лицензий в сфере градостроительства, проектно-изыскательских работ и строительно-монтажных работ, признаваемых на территории Кыргызской Республики в одностороннем порядке, выданных иностранными государствами«от 26 ноября 2024 года № 82-нпа»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 18-ноябры № 142-нпа
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 26-ноябрындагы № 82-чуа «Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу, долбоорлоо-изилдөө иштери жана курулуш-монтаждоо иштери чөйрөсүндөгү чет мамлекеттер тарабынан берилген, бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмесин бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Мыйзамынын 27-беренесинин 3-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» жобонун 93-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүлүп берилүүчү айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмегинин 20-пунктунун 1-пунктчасына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө» жобого (мындан ары – Курулуш министрлиги) ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 26-ноябрындагы № 82-чуа «Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу, долбоорлоо-изилдөө иштери жана курулуш-монтаждоо иштери чөйрөсүндөгү чет мамлекеттер тарабынан берилген, бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмесин бекитүү жөнүндө» буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттер тарабынан берилген шаар куруу, долбоорлоо-изилдөө жана курулуш-монтаждоо иштери чөйрөсүндөгү бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмегин бекитүү жөнүндө» Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 26-ноябрындагы № 82-чуа буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттер тарабынан берилген шаар куруу, долбоорлоо-изилдөө жана курулуш-монтаждоо иштери чөйрөсүндөгү бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмеги төмөнкүдөй мазмундагы 56-пункт менен толукталсын:
«
56 | «Перспективалуу шаар куруу илим-изилдөө институту» ЖЧК | Россия Федерациясы | 197342, Санкт-Петербург шаары, Чёрная речка жээги, 41-үй, 2-корпус, Б тамгасы менен белгиленген имарат, 3-бөлмө. | Долбоордук документтер, геодезиялык жана картографиялык ишмердүүлүгү. | Юридикалык жактын (жеке ишкердин) негизги мамлекеттик каттоо номери (НМКН): 1027801548675. |
».
2. Лицензиялоо жана сертификациялоо башкармалыгы:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» буйругуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
2) бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн анын расмий жарыяланган булагын көрсөтүү менен бул буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдердеги эки нускадагы кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн бул буйрукту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин биринчи орун басары Б.Ч. Чолпонбаевге жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2026-жылдын 18-ноябрында https://egov.kg/ru/ministry/construction/npa расмий сайтында жарыяланды
Министр |
| Н.К. Орунтаев |