ПостановлениеДействует

Кунтуу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 25-майындагы № 2/15 «Маловодное-Кара-Сакал жолунун жээгинен жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 25.05.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 25-майы № 2/20

 

Маловодное-Кара-Сакал жолунун жээгинен жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө

 

Бишкек-Күнтуу-Шопоков автомобилдик жолу кеңейтилип, реконструкциялоо иштерине байланыштуу, коммерциялык объектилер бузулуп, алынып калгандыгына байланыштуу, ишкерлердин ишмердүүлүгү токтоп калгандыктан, ордуна башка жер тилкесин бөлүп берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б. Суюналиевдин кайрылуусунун угуп, талкуулап, Күнтуу айыл кеңеши токтом кылат:

1. Бишкек-Күнтуу-Шопоков автомобилдик жолу кеңейтилип, реконструкциялоо иштерине байланыштуу, мурдагы соода орундарын пайдаланууга мүмкүн болбогон ишкерлерге, Маловодное-Кара-Сакал жолунун жээгиндеги №310 контурунда жайгашкан жайыт жеринен ижарага жер тилке бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Маловодное-Кара-Сакал жолунун жээгиндеги №310 контурунда жайгашкан жайыт жеринен ижарага берүү жагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б. Суюналиевге тапшырылсын.

3. Бул  токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

Ж.Ж. Султанбеков