ПостановлениеДействует

Жумгал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 14-сентябрындагы «Жумгал айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинен ич ара жылыштыруу жөнүндө» №4-1 токтому.

Редакцияот 14.09.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖУМГАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ IV СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 14-сентябрындагы  №4-1.

 

   Жумгал айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинен ич ара жылыштыруу жөнүндө.

 

       Жумгал айыл өкмөт башчысы: Түгөлбеков  Атилла Түгөлбековичтин бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап Жумгал айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Жумгал айыл аймагына караштуу Чоң-Дөбө айылынын көчөлөрүн жарыктандырууга бөлүнгөн 270,0  м. сом акча каражатын Чоң-Дөбө айылынын таза суусуна материал алууга 3111 беренесинен 3112 беренесине жылдырылсын.

 

2. Жумгал айыл аймагына караштуу Чоң-Дөбө Жумгал Лама  айылынын жолдоруна шагыл төгүүгө бөлүнгөн 363,0  м. сом акча каражатын Чоң-Дөбө айылынын таза суусуна материал алууга 2215 беренесинен  3112 беренесине жылдырылсын.

 

3. Жумгал айыл өкмөтүнүн кызматтык авто унаасын ремонттоого бөлүнгөн 90,0  м. сом акча каражатын Чоң-Дөбө айылынын таза суусуна материал алууга 2214 беренесинен  3112 беренесине жылдырылсын.

 

4. Жумгал айыл өкмөтүнүн аркандай документерин бүтүрүүго бөлүнгөн  100,0  м. сом акча каражаты кызматтык иш сапарларга  2215 беренесинен  2211 беренесине жылдырылсын.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы Түгөлбеков Атилла Түгөлбековичке милдеттендирилсин.

 

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

 

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрайым

Б. Мусаева