ПостановлениеДействует

Жумгал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 14-сентябрындагы «Жумгал айыл аймагынын аймагында турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүүдө ченемдик өлчөмдөрдү белгилөө жөнүндө» №4-3 токтому.

Редакцияот 14.09.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖУМГАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ IV СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 14-сентябрындагы  №4-3.

 

    Жумгал айыл аймагынын аймагында турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүүдө ченемдик өлчөмдөрдү белгилөө жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде, ошондой эле Жумгал айыл аймагынын аймагындагы калктын турак жайга болгон муктаждыктарын канаттандырууну иретке келтирүү жана жер ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу максатында, Жумгал айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.    Жумгал айыл аймагынын аймагында жарандарга жеке турак жай куруу жана кезекте турган жарандарга,бош жерлерден тилке бөлүүдө бир үй-бүлөгө аянты 0,15 га өлчөмүндө чектелсин жана бекитилсин.

2.    Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнө:

–     Жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин ажыратууда жана тиешелүү чечимдерди, уруксаттарды даярдоо учурунда ушул токтомдо белгиленген 0,15 га ченемин катуу сактоо милдеттендирилсин;

–     Жер тилкелерин бөлүп берүүдө бекитилген кезектүүлүккө жана Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарынын талаптарына ылайык иш алып баруу тапшырылсын.

3.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин «Агрардык маселелер, жер пайдалануу боюнча» туруктуу комиссиясына жана Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

4.    Бул токтом расмий жарыяланган жана каттоодон өткөн күндөн тартып күчүнө кирет. 

 

Төрайым

Б. Мусаева