ПостановлениеДействует

Постановление айылного кенеша Жээк айылного аймака Жээк от 29 ноября 2025 года № 4-I-29 «О неотложных мерах по упорядочению семейных торжеств и обрядов поминовения усопших»

Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

ЖЭЭК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЭЭК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 29-ноябрь № 4-I-29

Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын  тартипке келтирүүнүн кечиктирилгис чаралары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, Жээк айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жээк айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын мааниси, зарылдыгы, максаты тууралуу айыл аймактын тургундарына кеңири маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүжүшсүн.

2. Жээк айыл аймагында элдик каада-салттарды, салтанаттарды үйлөнү үлпөттөрүн, мааракелерге байланышкан той-тамашаларды, маркумду акыркы сапарга узатуу, эскерүү зыйнаттарын өткөрүүнү жөнгө салуу максатта Жобосу 1-чи тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын Жээк айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Дж. Усуповго жүктөлсүн.  

2026-жылдын 6-ноябрында https://www.zheek.org.kg/storage/app/media/%D0%91%D1%8E%D0%B4%D0%B6%D0%B5%D1%82%202025%20%D0%B3%D0%BE%D0%B4/4-1-29%20%D0%BE%D1%82%2029.11.2024.pdf расмий сайтында жарыяланды

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

 

К.К. Шаршеналиев