ПостановлениеДействует

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 10-сентябрындагы «Дөбөлү айыл аймагында 2026-жылы дан катары себилген 432 га арпанын 191 га жер аянты чөпкө тоют катары чабылгандыгы жөнүндө» №28/1 токтому

Редакцияот 10.09.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ XXVIII СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 10-сентябры № 28/1

 

 Дөбөлү  айыл  аймагында 2026-жылы дан катары себилген 432 га арпанын 191 га жер аянты чөпкө тоют катары чабылгандыгы  жөнүндө

 

         2026-жылы жаз айлары суук жана жаанчыл болгондугунан бышпай калуу коркунучунан жана малга тоютту жетиштүү жыйнап алуу максатында жергиликтүү дыйкандар дан эгиндерин чөпкө тоют катары чабышкандыгына байланыштуу   Дөбөлү  айыл аймагынын  айылдык  Кеңешинин депутаттарынын  сессиясы     токтом кылат:

 

1.    Дөбөлү айыл аймагында быйыл 2026-жылы жазгы айдап себүүдө 432 га дан эгиндеринен жалпы 191 га арпа жер аянты, быйыл 2026-жылы аба ырайы кеч жылып, жаанчыл болгондуктан дан эгиндин бышпай калуу коркунучунан улам дыйкандар дан эгиндеринин тоюттун аздыгына байланыштуу чөпкө тоют катары чабышкан. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн комиссиясынын 2026-жылдын 7-сентябрындагы түзүлгөн актысы бекитилсин.

 

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

   

 

Төрага:

 

Б. Шералиев