Постановление Кабинета Министров КР от 19 ноября 2026 года № 763 «Об утверждении Национального плана нумерации телекоммуникационных сетей Кыргызской Республики и установлении размера платы за единицу ресурса нумерации»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-ноябры № 763
Кыргыз Республикасынын телекоммуникациялык тармактарын номерлештирүүнүн улуттук планын бекитүү жана номерлештирүү ресурсунун бирдиги үчүн төлөмдүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө
Мамлекеттик номерлештирүү ресурсунун бирдиги үчүн экономикалык негизделген жана социалдык ылайыктуу төлөмдүн өлчөмүн белгилөө, Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүүнүн улуттук планын Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 109-беренесинин 1-бөлүгүнө, 110-беренесинин 1-бөлүгүнө шайкеш келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын телекоммуникациялык тармактарын номерлештирүүнүн улуттук планы 1-тиркемеге ылайык;
2) номерлештирүү ресурсунун бирдиги үчүн төлөмдүн өлчөмү 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтомду ишке ашыруу тартылган мамлекеттик органдардын бекитилген штаттык санынын жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-январындагы № 10 «Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү улуттук системасын жана планын бекитүү жана номерлештирүү ресурсунун бирдиги үчүн акынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-апрелиндеги № 157 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-январындагы № 10 «Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү улуттук системасын жана планын бекитүү жана номерлештирүү ресурсунун бирдиги үчүн акынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |