Жумгал айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 2-октябрындагы «Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагындагы бала бакчалардын спец атайын счетуна кошумча план суроо жөнүндө.» №5-3 токтому
ЖУМГАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ V СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 2-октябрындагы №5-3.
Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагындагы бала бакчалардын спец атайын счетуна кошумча план суроо жөнүндө.
Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу 3 (үч) Бала бакчаларына атайын (спец) счет эсебине 2026-жылга кошумча план суроо жөнүндө Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы: А.Түгөлбековтун жана бала бакчалардын башчыларынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Жумгал айылдык кенеши токтом кылат:
1. Жумгал айыл аймагына караштуу “Нур-Жаз” “Азамат алтын балалык” “Лама” бала бакчаларына жалпы 750,0 м. сом (жети жүз элүү миң) сом план бекитилген азыркы учурда Бала бакчалар ата энелер төлөмү көбөйгөндүгүнө байланыштуу төмөндөгүчө ар бир бала бакчага план суралсын.
“Нур-Жаз” бала бакчасына 400,0 м. сом.
“Азамат алтын балалык” бала бакчасына 450,0 м.сом
“Лама” бала бакчасына 330,0 м. сом
2. Үч бала бакчага жалпы 1180,0 м. (миллион жүз сексен миң) сом кошумча план Жумгал Финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳл кылуу жагы Жумгал айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Т.Түгөлбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду сайтка жарыялоо жагы Жоопту катчы Э.Сайпидиновго милдеттендирилсин.
Төрайым | Б. Мусаева |