Постановление Жогорку Кенеша КР от 18 ноября 2026 года № 825-VIII «О принятии во втором чтении проекта Закона Кыргызской Республики «О ратификации Соглашения о предоставлении финансирования проекта «Улучшение водоснабжения и санитарии в сельских населенных пунктах Ошской области Кыргызской Республики» между Кыргызской Республикой и Евразийским фондом стабилизации и развития, подписанного 16 июля 2026 года в городе Бишкек»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-ноябры № 825-VIII
«2026-жылдын 16-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган
Кыргыз Республикасы менен Евразия турукташтыруу жана
өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Кыргыз Республикасынын
Ош облусунун айылдагы калктуу конуштарын суу менен
камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу»
долбооруна каржылоо берүү жөнүндө макулдашууну
ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 8-октябрындагы чыг. № 18-12595) «2026-жылдын 16-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Кыргыз Республикасынын Ош облусунун айылдагы калктуу конуштарын суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу» долбооруна каржылоо берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 24-ноябрында https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/8625 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | М.А. Маматалиев |