Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 20 ноября 2026 года № 140 «О доукомплектовании резерва Токмокской территориальной избирательной комиссии»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 20-ноябры № 140
Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын
резервин толуктоо жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобого, аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине келип түшкөн талапкерлердин документтерин кароо боюнча жумушчу топтун 2026-жылдын 16-ноябрындагы чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 28-сентябрындагы жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Базарбаева Фарида Джумадиловна, Кимсанов Эрдем Камчибекович, Джумакадыров Камчибек Кимсанович жана “Ата Мекен” саясий партиясынан Аманов Кымбат Эсенович Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилсин.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.
Төрага |
| Т. Шайназаров |