ПостановлениеДействует

Жумгал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 2-октябрындагы «Жумгал айыл аймагындагы мал камоочу раскол салуу жана жарыктандыруу коюу долбоорлору жөнүндө.» №5-7 токтому

Редакцияот 02.10.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖУМГАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ V СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 2-октябрындагы  №5-7.

 

  Жумгал айыл аймагындагы мал камоочу раскол салуу жана жарыктандыруу коюу долбоорлору жөнүндө.

 

        Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан каржылануучу, Жумгал айыл аймагынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана инфратүзүмдү өнүктүрүү маселелерин талкуулап, Жумгал айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы токтом кылат:

1.    Жумгал айыл аймагына караштуу Лама айылына жана Окторкой, Сандык жайлоолоруна мал чарбачылыгын өнүктүрүү, ветеринардык-санитардык эрежелерди сактоо жана малды эмдөөдөн өткөрүү иштерин жеңилдетүү максатында мал камоочу раскол салуу долбоору жактырылсын.

2.    Жумгал айыл аймагындагы Жумгал айылынан Кызарттын белине чейинки 15 км аралыкка күн энергиясынан кубат алуучу жарыктандыруу коюу боюнча долбоор жактырылсын.

3.    Жогорудагы көрсөтүлгөн эки долбоорду тең каржылоо максатында тиешелүү документтери менен бирге Жумгал райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.

4.    Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана долбоорлорду өнүктүрүү фондуна сунуштоо жагы Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы А. Түгөлбековго милдеттендирилсин.

5.    Ушул токтом Жумгал айыл өкмөтүнөн каттоодон өтүп https://zhumgal-ao.gov.kg/ веb-порталына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

6.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам

 

Төрайым

Б. Мусаева