ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 18 ноября 2026 года № 812-VIII «Об отчете об исполнении бюджета Социального фонда Кыргызской Республики при Кабинете Министров Кыргызской Республики за 2025 год»

Редакцияот 18.11.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

 

Кабыл алынган датасы

2026-жылдын 18-ноябры № 812-VIII

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине

караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун

2025-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши   т о к т о м   к ы л а т:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан киргизилген (2026-жылдын 15-майындагы чыг. № 18-5990) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн базасын кеңейтүү жана камсыздандыруу төгүмдөрүн үзгүлтүксүз төлөөчү адамдардын санын көбөйтүү боюнча чараларды көрсүн;

– пенсионерлердин пенсия алуу ыкмасын тандоо укугун жана алыскы, жетүүгө кыйын калктуу конуштарда пенсиялык төлөмдөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен пенсияларды төлөөнүн накталай эмес ыкмаларын пайдаланууну кеңейтүү жана почта байланышы уюмдары аркылуу пенсия алуучулардын санын кыскартуу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;

– Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жыл үчүн бюджетинин аткарылышынын аудитинин натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан табылган сын-пикирлерди четтетүү боюнча чараларды көрсүн жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын тиешелүү сунуштамаларынын аткарылышын камсыз кылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

М.А. Маматалиев