ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 18 ноября 2026 года № 827-VIII «О принятии во втором чтении проекта Закона Кыргызской Республики «О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики «О государственной гражданской службе и муниципальной службе»

Редакцияот 18.11.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

 

Кабыл алынган датасы

2026-жылдын 18-ноябры № 827-VIII

 

 

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши   т о к т о м   к ы л а т:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.О. Чотонов, М.К. Кайрылбекова, Г.М. Баатырова, Д.Д. Бекешев, Т.М. Муратбеков, Т.Т. Мамытов, А. Алтынбеков, И.Э. Жороев, Б.А. Калпаев, Г.Э. Сатиева, А.А. Карабекова, М.А. Маматалиев, А.А. Джалилов тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

М.А. Маматалиев