Чүй айылдык кеңешинин 2026-жылдын 6-июлундагы № 11/10 «Чүй айыл аймагынын аймагында катуу тиричилик калдыктарын жыйноо, ташуу жана көмүү кызматтарына тарифтерди бекитүү жөнүндө» токтому
ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 6-июлундагы № 11/10
Чүй айыл аймагынын аймагында катуу тиричилик калдыктарын жыйноо, ташуу жана көмүү кызматтарына тарифтерди бекитүү жөнүндө
Чүй айыл аймагынын аймагында катуу тиричилик калдыктарын жыйноо, ташуу жана көмүү кызматтарына тарифтерди бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2017-жылдын 15-ноябрындагы №202 буйругу менен бекитилген тарифтерди эсептөө методикасына ылайык, ошондой эле Чүй айыл өкмөтүнүн катуу тиричилик калдыктарын (КТК) жыйноо жана ташуу боюнча чыгымдарын оптималдаштыруу, бюджеттик субсидияларды азайтуу максатында, Чүй айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айыл өкмөтү тарабынан сунушталган 2026-жылга карата катуу тиричилик калдыктарын жыйноо, ташуу жана көмүү кызматтарына жаңы тарифтер тиркемеге ылайык бекитилсин:
2. Жеке турак үйлөрдө жашаган калк үчүн — бир адамга айына 31 сом;
Көп кабаттуу үйлөрдө жашаган калк үчүн — бир адамга айына 41 сом;
Бюджеттик уюмдар үчүн — 1 куб метрге 670 сом;
Башка чарба жүргүзүүчү субъекттер (юридикалык жактар) үчүн — 1 куб метрге 670 сом.
3. Мурдагы колдонуудагы тарифтер өз күчүн жоготту деп таанылсын, Чүй Суу-канал муниципалдык ишканасына тарифтердин киргизилиши боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери уюштурулсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы К.С.Медетовго жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Ы.Ысманов |