ПостановлениеНе вступил в силу

Постановление Кабинета Министров КР от 19 ноября 2026 года № 768 «О внесении изменений в постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики «О некоторых вопросах в сфере бюджетной прозрачности Кыргызской Республики» от 15 мая 2023 года № 249»

Редакцияот 19.11.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 19-ноябры № 768

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 249 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик ачык-айкындуулук чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

 

Бюджеттик ачык-айкындуулукту, бюджеттик маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана коомдук бюджеттик угууларды өткөрүүнүн айрым жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 126, 127-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 249 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик ачык-айкындуулук чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«3. Жарандык бюджетти түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтын өз убагында жана сапаттуу берилиши үчүн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленсин.»;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жарандык бюджетти түзүүнүн методикасында:

– 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Жарандык бюджетти инфографиканы, диаграммаларды, графиктерди, таблицаларды, схемаларды жана маалыматты визуалдык берүүнүн башка каражаттарын колдонуу менен кыскача визуалдык форматта, анын ичинде электрондук брошюра, презентация, маалыматтык материал же веб-баракча түрүндө түзүүгө жана жарыялоого жол берилет.»;

– 8-пункттун үчүнчү абзацында «ушул Тартиптин 42-пунктунда белгиленген мөөнөттө» деген сөздөр алып салынсын;

– төмөнкүдөй мазмундагы 101-пункт менен толукталсын:

«101. Жарандык бюджетти кыскача визуалдык форматта түзүүдө ушул главада каралган бөлүмдөрдү бириктирүүгө жана ушул Методиканын 11–37-пункттарында каралган маалыматтарды ирилештирилген жана тиешелүү финансылык мезгилге карата негизги бюджеттик параметрлер, артыкчылыктар жана чечимдер чагылдырылган шартта кыскартылган түрдө берүүгө жол берилет.»;

– 38-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«Жарандык бюджетти кыскача визуалдык форматта түзүүдө негизги бюджеттик параметрлерди, артыкчылыктарды жана чечимдерди түшүнүү үчүн алардын маанилүүлүгүнө жараша көрсөтүлгөн тизмектен айрым индикаторлорду колдонууга жол берилет.»;

– 39-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«39. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары тескөөчү багыттары боюнча Жарандык бюджеттин индикаторлору жөнүндө маалыматты жана аларга карата кыскача түшүндүрмөнү төмөнкү мөөнөттөрдө берет:

1) кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамдын долбоору боюнча Жарандык бюджетти түзүү үчүн кезектеги бюджеттик жылдан мурдагы жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө;

2) кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө бекитилген мыйзам боюнча Жарандык бюджетти түзүү үчүн кезектеги бюджеттик жылдан мурдагы жылдын 10-декабрына чейинки мөөнөттө.

Маалымат берилүүгө тийиш болгон индикаторлордун тизмеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.»;

– 41-пункттун 3-пунктчасы, 42-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жарандык бюджетти түзүү методикасында:

– 4-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Ушул Методикада Жарандык бюджетке киргизүү үчүн негизги маалыматтар жана көрсөткүчтөр аныкталган. Жарандык бюджетти кыскача визуалдык форматта түзүүдө берилүүчү маалыматтын курамы жана аны деталдаштыруу даражасы ушул Методиканын 81-пунктун эске алуу менен аныкталат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде бюджет жана бюджеттик саясат боюнча кошумча маалыматты бере алат.»;

– төмөнкүдөй мазмундагы 81-пункт менен толукталсын:

«81. Жарандык бюджетти кыскача визуалдык форматта түзүүдө ушул Методиканын 8-пунктунда каралган бөлүмдөрдү бириктирүүгө, ошондой эле ушул Методиканын 9–14-пункттарында каралган маалыматтарды ирилештирилген жана кыскартылган түрдө берүүгө жол берилет. Мында Жарандык бюджетте жергиликтүү бюджеттин негизги параметрлери, кирешелердин негизги булактары, чыгашалардын негизги багыттары, кыйла маанилүү долбоорлор жөнүндө маалымат жана жергиликтүү коомчулуктун жергиликтүү бюджеттин негизги артыкчылыктарын жана чечимдерин түшүнүүсү үчүн зарыл болгон башка маалыматтар чагылдырылат.»;

– 16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«Жарандык бюджетти инфографиканы, диаграммаларды, графиктерди, таблицаларды, схемаларды жана маалыматты визуалдык берүүнүн башка каражаттарын колдонуу менен кыскача визуалдык форматта түзүүгө жана жалпыга жарыялоого жол берилет.»;

4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджети жөнүндө мыйзамдын долбоору боюнча коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө жободо:

– 5-пунктта «15» деген цифралар «10» деген цифраларга алмаштырылсын;

– 8-пунктта «бюджеттик угууларды өткөрүү датасына чейин 25 күн мурда» деген сөздөр алып салынсын;

– 10, 11-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;

– 12-пунктта «10» деген цифралар «7» деген цифрага алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 20-ноябрындагы № 88 (3848) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев