ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 18 ноября 2026 года № 831-VIII «О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики «О ратификации Рамочного соглашения о плане финансирования на период 2026–2028 годов между Кыргызской Республикой и Азиатским банком инфраструктурных инвестиций, подписанного 27 сентября 2026 года в городе Дохе»

Редакцияот 18.11.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 18-ноябры № 831-VIII

 

«2026-жылдын 27-сентябрында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын ортосундагы 2026–2028-жылдар мезгилине каржылоо планы жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 30-октябрындагы чыг. № 25-13699) «2026-жылдын 27-сентябрында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын ортосундагы 2026–2028-жылдар мезгилине каржылоо планы жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери жогоруда аталган мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 3 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жана бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жөнөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жогоруда аталган мыйзам долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

2026-жылдын https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/8630 расмий сайтында жарыяланды

 

 

Төрага

 

М.А. Маматалиев