ПостановлениеНе вступил в силу

Постановление Кабинета Министров КР от 19 ноября 2026 года № 770 «Об установлении размеров районных коэффициентов доплат к заработной плате работников золотодобывающих предприятий и Сары-Джазского оловянного рудника»

Редакцияот 19.11.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 19-ноябры № 770

 

 

Алтын казуучу ишканалардын жана

Сары-Жаз калай кенинин кызматкерлеринин

эмгек акысына кошумча акылардын райондук коэффициенттеринин

өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө

 

 

Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын аймактарда иштеген айрым тоо-кен казып алуучу ишканалардын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн тийиштүү деңгээлин камсыз кылуу максатында, «Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Алтын казуучу ишканалардын жана Сары-Жаз калай кенинин кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча акылардын райондук коэффициенттеринин өлчөмдөрү тиркемеге ылайык белгиленсин.

2. Эмгек акыга райондук коэффициенттердин кошумча акыларын төлөө ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн ишканалардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт деп белгиленсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-майындагы № 203 «Кыргыз Республикасынын алтын казып алуучу тармагынын ишканаларынын жана Сары-Жаз калай кенинин кызматкерлеринин эмгек акысына райондук коэффициенттерди белгилөө жөнүндө» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 4-майындагы № 242 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-майындагы «Кыргыз Республикасынын алтын казуу тармагынын ишканаларында жана Сары-Жаз коло кенинде иштегендердин эмгек акысына коэффициент белгилөө жөнүндө» № 203 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-сентябрындагы № 445 «Кыргыз Республикасынын алтын казып алуучу тармактарынын ишканаларынын жана Сарыжаз калай кенинин кызматкерлеринин эмгек акысына коэффициент белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-майындагы № 203 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-июлундагы № 345 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-майындагы № 203 «Кыргыз Республикасынын алтын казып алуучу тармагынын ишканаларынын жана Сары-Жаз калай кенинин кызматкерлеринин эмгек акысына коэффициент белгилөө жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;

5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 569 «Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн компенсация маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-ноябрындагы № 89 (3849) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев

 

 

 

 

Тиркеме

 

 

 

 

Алтын казуучу ишканалардын жана Сары-Жаз калай кенинин кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча акылардын райондук коэффициенттеринин өлчөмдөрү

 

 

№

Кен чыккан жерлердин жана жайгашкан райондордун аталышы

Райондук коэффициенттин өлчөмү

1

Макмал алтын казуу комбинаты – Макмал кени, Тогуз-Торо району

1,85

2

Сары-Жаз калай кени, Ак-Суу району

1,5

3

Чаткал өрөөнүнүн чачырандылары

1,5

4

Нарын районунун кен чыккан жерлери (Солтон-Сары, Бучук, Первенец, Кумбел-Суу, Бюрлюсу ж.б.)

2,0

5

Талас Жерүй кени 2725 м белгиден жогору

2,0

6

Талас Жерүй кенинин алтын кен комбинаты 1800 м тартып 2725 м белгиге чейин

1,6

7

Талды-Булак кени, Кемин району

1,2

8

Суусамыр өрөөнүнүн чачырандылары

1,5

9

Кумтөр кени

2,4

10

Терексай кени

1,5

11

Тоголок кени, 3300 м тартып 3850 м белгиге чейин

2,0

12

Үңкүрташ кени, 1800 м тартып 2090 м белгиге чейин

1,6

13

Чакуш кени, 1800 м тартып 2600 м белгиге чейин

1,6