ПостановлениеДействует

Раззаков шаардык кенешинин 2026-жылдын 16-сентябрындагы №29 «Раззаков шаарынын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому.

Редакцияот 16.09.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (жетинчи чакырылышы) кезексиз ХХ1 сессиясы

2026-жылдын 16-сентябры № 29

Раззаков шаарынын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө.

 

Раззаков шаарынын мэриясынын “Раззаков шаарынын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңеши токтом кылат:

                                                   

 

  1. Жаңы-Конуш участкасындагы Саркент көчөсүнүн күн чыгыш тарабында Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнө бала бакча куруу үчүн 0,32 га жер тилкесин башкы планга киргизүү үчүн өзгөртүү жана толуктоо киргизүүгө макулдук берилсин
  2. Саркент көчөсүнүн күн чыгыш тарабында Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнө бала бакча куруу үчүн 0,32 га жер тилкесиндеги эки жаранга берилип калаган жеке менчик жерлерин Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 69-беренсинин 2-пунктуна таянып, өздөрүнүн берген макулдугуна ылайык төмөнкү жарандарга: Касымов Исамедин Атаевичге жана Ашимов Асилбек Гурбаевичтерге таандык жер тилкеси Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилсин. Ордуна Раззаков шаарынын Жаңы Конуш жана Пулон участкасынан 600 чарчы метр жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берилсин.  
  3. Раззаков шаарынын башкы планына жерлердин максаттуу багыттары төмөндөгүдөй болуп өзгөртүүгө макулдук берилсин:

1.Раззаков шаарынын Г.Кошмуратов көчөсүндө №8-03-04-1001-7904 идентификациялык кодунда жайгашкан 248,4 чарчы метр турак жай багытындагы жеке менчик жер тилкесинин максаттуу багытын көп тармактуу соода түйүнү багытына;

2. Раззаков шаарынын Касым-Ата көчөсүндө №8-03-04-1001-8588 идентификациялык кодунда жайгашкан 687,0 чарчы метр турак жай багытындагы жеке менчик жер тилкесинин ичинен 223,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттуу багытын соода түйүнү багытына;

3. Раззаков шаарынын Тоголок-Молдо көчөсүндө №8-03-04-1001-1156 идентификациялык кодунда жайгашкан 800,0 чарчы метр турак жай багытындагы жеке менчик жер тилкесинин ичинен 55,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттуу багытын көп тармактуу соода-түйүнү багытына;

4. Раззаков шаарынын Байжанов көчөсүндө №8-03-04-1001-5400 идентификациялык кодунда жайгашкан 800,0 чарчы метр турак жай багытындагы жеке менчик жер тилкесинин ичинен 235,4 чарчы метр жер тилкесинин максаттуу багытын соода-түйүнү багытына;

5. Раззаков шаарынын СССР 60 жылдык көчөсүндө №8-03-04-1001-1145 идентификациялык кодунда жайгашкан 200,0 чарчы метр турак жай багытындагы жеке менчик жер тилкесинин ичинен 100,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттуу багытын көп тармактуу соода-түйүнү багытына;

6. Раззаков шаарынын Туракул Ата көчөсүндө №8-03-04-1001-4839 идентификация кодунда жайгашкан турак жай багытындагы жеке менчик жер тилкесинин  ичинен 100,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттуу багытын көп тармактуу соода-түйүнү багытына;  

7. Раззаков шаарынын Додосьян көчөсүндө №8-03-04-1001-7273 идентификация кодунда жайгашкан 440,0 чарчы метр турак жай багытындагы жеке менчик жер тилкесинин максаттуу багытын көп тармактуу соода-түйүнү багытына;

8. Раззаков шаарынын Касым-Ата көчөсүндө №8-03-04-1001-1466 идентификация кодунда жайгашкан турак жай багытындагы жеке менчик жер тилкесинин ичинен 65,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттуу багытын көп тармактуу соода-түйүнү багытына;

9. Раззаков шаарынын Бий-Ата көчөсүндө №8-03-04-1001-5127 идентификация  кодунда жайгашкан турак жай багытындагы жеке менчик жер тилкесинин ичинен 300,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттуу багытын көп тармактуу соода-түйүнү багытына;

10. Раззаков шаарынын А.Азизов көчөсүндө №8-03-04-1001-8145 идентификация кодунда жайгашкан 230,0 чарчы метр турак жай багытындагы жеке менчик жер тилкесинин максаттуу багытын көп тармактуу соода-түйүнү багытына;

11.Раззаков шаарынын Кошмуратов көчөсүнүн №8-03-04-1001-5493 идентификациялык кодунда жайгашкан 220,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттуу багытын соода түйүнү багытына;

12. Раззаков шаарынын Т.Молдо көчөсүндө №8-03-04-1001-1153 идентификациялык кодунда катталган турак жай багытындагы жеке менчик жер тилкесинин ичинен 300,0 чарчы метр жер тилкесинин багытын соода түйүнү багытына;

  1. Тиешелүү иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына

ылайык жүргүзүү жагы Раззаков шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.

  1. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков

шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын

Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин     

муниципалдык менчик, жерлер жана айыл чарба тармагы боюнча туруктуу комиссиясына

жүктөлсүн.

       

                   

    Төрага                                                                                                                                         С.А.Саматов