Раззаков шаардык кенешинин 2026-жылдын 16-сентябрындагы №30 «Самат айылынын Тамчы сай участкасында 8-03-04-0010-0435А идентификациялык кодунда жайгашкан 3,0 га жер аянтын «Жол кыймылына уруксат берүү» мамлекеттик ишканасына келишимдин негизинде акысыз мөөнөттүү (убактылуу) же мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (жетинчи чакырылышы) кезексиз ХХ1 сессиясы
2026-жылдын 16-сентябры № 30
Самат айылынын Тамчы сай участкасында 8-03-04-0010-0435А идентификациялык кодунда жайгашкан 3,0 га жер аянтын “Жол кыймылына уруксат берүү” мамлекеттик ишканасына келишимдин негизинде акысыз мөөнөттүү (убактылуу) же мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Раззаков шаарынын мэриясынын, Раззаков шаарына караштуу Самат айылынын Тамчы сай участкасында 8-03-04-0010-0435А идентификациялык кодунда жайгашкан 3,0 га жер аянтын “Жол кыймылына уруксат берүү” мамлекеттик ишканасына келишимдин негизинде акысыз мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 19- беренелерине ылайык Раззаков шаардык Кеңеши токтом кылат:
- Раззаков шаарына караштуу Самат айылынын Тамчы сай участкасында 8-03-04-0010-0435А идентификациялык кодунда жайгашкан 3,0 га жер аянтын “Жол кыймылына уруксат берүү” мамлекеттик ишканасына келишимдин негизинде 2056-жылга чейин акысыз пайдаланууга макулдук берилсин.
- Раззаков шаарындагы “Жол кыймылына уруксат берүү” мамлекеттик ишканасы менен түзүлгөн келишимде Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айылдардан (ар бир участкадан) бирден жакыр, соц. жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөөдөн бекер окутуу жагы милдеттендирилсин.
- Тиешелүү иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүү жагы Раззаков шаарынын мэриясына тапшырылсын.
- Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага С.А.Саматов