Масалиев айылдык кенешинин 2026-жылдын 2-октябрындагы №60 «А.Масалиев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясынын 2026-жылдын 28-августундагы № 58 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 2-октябры № 60
А.Масалиев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясынын 2026-жылдын 28-августундагы № 58 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-декабрындагы №815 токтому менен «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулган жалпы аянты 150,0 га жер тилкесинин ичинен көп кабаттуу турак жай куруу үчүн А.Масалиев айыл аймагынын Кожо айылында жайгашкан, жалпы аянты 42 000 м2 (4,2 га ) жер тилкесин максаттуу пайдалануу маселесин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-декабрындагы №815 токтому менен «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулган жалпы аянты 150,0 га жер тилкесинин ичинен көп кабаттуу турак жай куруу үчүн А.Масалиев айыл аймагынын Кожо айылында жайгашкан, жалпы аянты 42 000 м2 (4.2 га) жер тилкесине көп кабаттуу турак жай курууга макулдук берилсин.
2. А.Масалиев айыл аймагынын Кожо айылында жайгашкан, жалпы аянты 42 000 м2 (4.2 га) жер тилкесин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруу жана көп батирлүү турак үйлөрдү куруу максатында Кыргыз Республикасынын “Мамалекеттик ипотекалык компания” ААКга мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамалекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан жер тилкеси мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруу жана көп батирлүү турак үйлөрдү куруу үчүн гана пайдаланылсын.
4. Белгиленген жер тилкесинде көп кабаттуу турак жай куруу боюнча иштерди Кыргыз Республикасынын жер, шаар куруу, архитектура жана курулуш жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык уюштурсун.
5. Көп кабаттуу турак жай куруу иштери бекитилген башкы планга, деталдуу пландаштыруу долбооруна, архитектуралык-пландоо шарттарына, долбоордук-сметалык документацияга жана мыйзамдарда белгиленген тиешелүү мамлекеттик органдардын корутундуларына ылайык жүргүзүлсүн.
6. Жер тилкесине укук берүү, курулушка тиешелүү уруксат берүүчү документтерди тариздөө жана объектти курууга байланыштуу башка укуктук аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага
Т.Галботоев