А.Масалиев айылдык кенешинин 2026-жылдын 2-октябрындагы №61 «V Элдик Курултайдын делегатын шайлоо боюнча айыл аймактарда жарандардын жыйындарын жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын өткөрүү жөнүндө» токтому
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 2-октябры № 61
V Элдик Курултайдын делегатын шайлоо боюнча айыл аймактарда жарандардын жыйындарын жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын өткөрүү жөнүндө
Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” №309 Жарлыгына ылайык V Элдик Курултайдын делегатын шайлоо боюнча айыл аймактарда жарандардын жыйындарын жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын өткөрүү максатында кадамдап аткарылуучу аракеттерин карап жана талкуулап чыгып А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- А.Масалиев айыл аймагында V Элдик Курултайдын делегатын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйыны 2026-жылдын 24-октябрь саат 10:00гө бекитилсин.
- А.Масалиев айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына катышуучу өкүлдөрдү көрсөтүү калктын санына ылайык 100 өкүл турары белгиленсин.
- А.Масалиев айыл аймагында жарандардын жыйындарын жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №1-тиркеме ылайык бекитилсин.
4. А.Масалиев айыл аймагында жарандардын жыйындары 8-октябрынан 16-октябрына чейин графикке ылайык өткөрүлсүн. Жарандардын жыйындарын өткөрүү боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жамааттарды тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү жана жыйындарды өткөрүү боюнча графиги №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага Т.Галботоев
А.Масалиев айылдык кеңешинин
8-чакырылышынын 2026-жылдын
2-октябрындагы XXVсессиясынын
№61 токтомуна №1- тиркеме
А.Масалиев айыл аймагында жарандардын жыйындарын жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
к/№ | Ф.А.А. | кызматы |
1 | Галботоев Тилекбай Акжолович | Төрага |
2 | Мусаева Назира Абдулазизовна | Катчы |
3 | Анарбай уулу Нарынбек | Мүчөсү |
4 | Абдикаримова Айнура Абдирайимжановна | Мүчөсү |
5 | Надирова Фазида Алдавердиевна | Мүчөсү |
6 | Масалиев Жыргалбек Абсатарович | Мүчөсү |
7 | Жунусова Бурулкан Жакыповна | Мүчөсү |
8 | Койчукулов Арсланбек Абдыкадырович | Мүчөсү |
9 | Джураев Тожиахмат Уктамович | Мүчөсү |
10 | Исмаилов Баходир Абдумиталипжанович | Мүчөсү |
11 | Айыл башчылар | Мүчөлөрү |
Жооптуу катчы: Н.Мусаева
А.Масалиев айылдык кеңешинин
8-чакырылышынын 2026-жылдын
2-октябрындагы XXVсессиясынын
№61 токтомуна №2- тиркеме
А.Масалиев айыл аймагында коомдоштуктардын жыйынын өткөрүү боюнча жергиликтүү жамааттарды тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү жана жыйындарды өткөрүү боюнча
Г Р А Ф И Г И
№ | Өткөрүлүүчү орду | Убактысы | Калк тын саны | Өкүлдөрдүн саны | Жооптуулар | |
күнү | сааты | |||||
1 | Көн айылы | 08.10.2026 | 10:00 | 1165 | 5 | Уюштуруу комитети |
2 | Кожо айылы | 09.10.2026 | 10:00 | 1441 | 6 | Уюштуруу комитети |
3 | Лесхоз айылы | 09.10.2026 | 12-00 | 1109 | 4 | Уюштуруу комитети |
4 | Кара-Дөбө айылы | 12.10.2026 | 10-00 | 3517 | 14 | Уюштуруу комитети |
5 | Какыр айылы | 12.10.2026 | 12:00 | 1811 | 7 | Уюштуруу комитети |
6 | Таш-Коргон айылы | 13.10.2026 | 10:00 | 3400 | 13 | Уюштуруу комитети |
7 | Олагыш айылы | 14.10.2026 | 10:00 | 1548 | 6 | Уюштуруу комитети |
8 | Алыш айылы | 14.10.2026 | 13:00 | 3093 | 12 | Уюштуруу комитети |
9 | Таш-Какыр айылы | 15.10.2026 | 10-00 | 3450 | 13 | Уюштуруу комитети |
10 | Калача айылы | 15.10.2026 | 13-00 | 3134 | 12 | Уюштуруу комитети |
11 | Разъезд айылы | 15.10.2026 | 15:00 | 1932 | 8 | Уюштуруу комитети |
| Жалпы |
|
| 25600 | 100 |
|
Жооптуу катчы: Н.Мусаева