ПостановлениеДействует

Раззаков шаардык кенешинин 2026-жылдын 2-октябрындагы №62 «!Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү, Баткен областынын Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январынан тартып 2025-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча жазма буйругун жана сунуштамасын кароо жөнүндө» токтому

Редакцияот 02.10.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

 А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 2-октябры № 62

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү, Баткен областынын Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январынан тартып 2025-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча жазма буйругун жана сунуштамасын кароо жөнүндө

 

 

А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет, мыйзамдуулук жана айыл чарба  боюнча туруктуу комиссияларынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

 

  1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү, Баткен областынын Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январынан тартып 2025-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча жазма буйругу жана сунуштамасы аткарууга алынсын.

 

  1. Кетирилген кемчилдиктерди 2026-жылдын 20-октябрына  карата толугу менен бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

 

  1. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссияларына  жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                                                                                           Т.Галботоев