Тазабек Атага эстелик орнотуу демилгесин колдоо жана жер тилкесинин багытын которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө токтому
КАРКЫРА
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Каркыра айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 18-сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын __________________ №_______
Тазабек Атага эстелик орнотуу демилгесин колдоо жана жер тилкесинин багытын которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө
Каркыра айыл аймагына караштуу Сары-Тологой айылынын күн батыш тарабында жайгашкан, жалпы аянты 0,09 гектар болгон айыл чарба багытындагы жайыт жерине Тазабек Атага арналган эстелик орнотуу демилгесин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын
18-июлундагы №149 Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12, 13, 21, 24, 92 жана 102-беренелерин жетекчиликке алып, айылдык кеңеш токтом кылат:
1.Сары-Тологой айылынын күн батыш тарабында жайгашкан, жалпы аянты 0,09 гектар болгон айыл чарба багытындагы жер тилкесине Тазабек Атага арналган эстелик орнотуу демилгеси колдоого алынып, аталган жер тилкесин айыл чарба багытындагы өзгөчө корголуучу жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жана каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областы боюнча Юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүү жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү Кеңештин “Айыл чарбасы, жер, муниципалдык менчик, өзгөчө кырдаалдар, архитектура курулуш, транспорт, таза суу жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага С.А. Жангабылов