ПостановлениеДействует

Сары-Тологой айылындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине «Күн нуру» аталышын ыйгаруу жөнүндө токтому

Редакцияот 24.11.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРКЫРА

АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

Каркыра  айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 18-сессиясынын

ТОКТОМУ

 

2026-жылдын  __________________  №_______                   

 

     

Сары-Тологой айылындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине “Күн нуру”    аталышын ыйгаруу    жөнүндө

 

Каркыра айыл аймагына караштуу Сары-Тологой айылындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине   “Күн нуру”   аталышын ыйгаруу маселесин талкуулап, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 Билим берүү жөнүндө мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамын жетекчиликке алып, айылдык кеңеш    токтом кылат:

 

1.Каркыра айыл аймагына караштуу Сары-Тологой айылындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине  “Күн  нуру” аталышы   ыйгарылсын.

2.Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жана каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областы боюнча Юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүү жооптуу катчыга  милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү кеңештин “Билим берүү, маданият жана социалдык маселелер боюнча”   туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                             С.А. Жангабылов