Каркыра айыл аймагынын 2026-жылга бекитилген бюджетине айрым өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтому
КАРКЫРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
Каркыра айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХIX чакырылышынын 18 сессиясы |
|
|
Т О К Т О М
П О С Т А Н О В Л Е Н И Е
2026-жылдын 18-ноябры №154
Каркыра айыл аймагынын 2026-жылга бекитилген бюджетине айрым өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Каркыра айыл аймагынын 2026- жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине киреше жана чыгаша боюнча айрым өзгөртүү киргизүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кенештин XXIX чакырылышынын 18 сессиясы токтом кылат:
1. Каркыра айыл өкмөтү 2026-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше салыгы боюнча 5000,5 ( беш миллион беш жүз миӊ) сомго көбөйүшүнө байланыштуу Каркыра айыл окмөтүнүн 2026- жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
Анын ичинен:
- 1604,9 мин сом акча каражаты айыл аймактын мектептеринин, бала бакчаларынын, техникаларынын милдеттүү камсыздандыруусуна бөлүнсүн.
- 720,0 мин сом акча каражаты “Биримдик” муниципалдык ишканасына кышкы кызматтарды аткарууга бөлүнсүн.
- 300,0 миӊ сом акча каражаты Каркыра айыл өкмөтүнүн мектеп, бала бакчаларынын көмүрканаларына видеокөзөмөл орнотууга бөлүнүп берилсин.
- 70,0 мин сом акча каражаты Т. Сыдыкбеков атындагы орто мектебине смарт коӊгуроо орнотууга бөлүнсүн.
- 105,0 мин сом акча каражаты “Керемет” бала-бакчасына жылыткычтарды сатып берүүгө бөлүнсүн.
- 200,0 мин сом акча каражаты Санташ айылынын көчөлөрүн жарыктандырууга бөлүнсүн.
- 232,0 мин сом акча каражаты Кен-Суу айылында жаны ачылган китепканасына эмеректерди сатып бергенге бөлүнсүн.
- 70,0 миӊ сом акча каражаты Сары-Тологой айылына көпүрө (асбест труба) сатып бергенге бөлүнсүн.
- 100,0 миӊ сом акча каражаты М.Темиров атындагы орто мектебине музыкалык аппаратура сатып бергенге бөлүнсүн.
- 30,0 миӊ сом акча каражаты Корумду айылындагы тренажер залына жылыткыч сатып бергенге бөлүнсүн.
- 30,0 миӊ сом акча каражаты Муканов мектебине видеокөзөмөл орнотууга бөлүнүп берилсин.
- 50,0 миӊ сом акча каражаты Ичке-Суу, Корумду айылдарына көпүрө орнотууга бөлүнүп берилсин.
- 300,0 миӊ сом акча каражаты сметчик, технадзор жалдаганга бөлүнүп берилсин.
- 479,0 мин сом акча каражаты “Керемет” бала-бакчасына видеокөзөмөл орнотууга бөлүнсүн
- 250,0 мин сом акча каражаты шайлоо участокторун чарба буюмдары менен камсыздаганга бөлүнсүн.
- 227,3 мин сом акча каражаты “Көөчү-Наристе” бала-бакчасына эмерек, чарба буюмдарын сатып алууга бөлүнсүн.
- 264,0 мин сом акча каражаты мектептердин тушуна жол белгилерин орнотууга бөлүнсүн.
- 90,0 мин сом акча каражаты Чон-Таш айылынын спортзалына инвентарь сатып бергенге бөлүнсүн.
- 70,0 мин сом акча каражаты “Көл-Төр” бала-бакчасына чарба буюмдарын сатып бергенге бөлүнсүн
- 250,0 мин сом акча каражаты Өмүр Баатыр орто мектебинин кире беришине чатырча орнотууга бөлүнсүн.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Т.Черикбаевге жүктөлсүн.
Каркыра айылды
кеӊешинин төрагасы: С.Жангабылов