ак-Турпак айылдык кенешинин 2026-жылдын 3-августундагы №15 «Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVIII- сессиясы
2026-жылдын 3-августу № 15
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктуна жана Ак-Турпак айылдык кеңешинин Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2-пунктуна ылайык, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетине өгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Кожояровдун маалыматын жана айыл өкмөт башчысы Ж.Маканбаевдин сунушун угуп, кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгашалар бөлүгүнө келип чыккан зарылчылыкка байланыштуу 1-тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн бюджеттик планына киргизип берүү жагы КРФМ Кадамжай каржы башкармалыгынан суралсын.
3. Жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө тиешелүү документтерди даярдап райондук каржы башкармалыгына тапшыруу жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Имаров |
|
|
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 2026-жылдын 3-августундагы кезектеги XVIII сессиясынын № 15 токтомуна 1-тиркеме
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө маалымат
Бюджеттик каражаттар
1. Чыгаша бөлүмү
Статья | Мазмууну | Сумма | ||||
Чыгашаларды бири бирине жылдыруу | Жалпы | 1 кв | 2 кв | 3 кв | 4 кв | |
| Башкаруу аппараты 701 | 1807 | 0 | 0 | 1807 |
|
2213 | Мүлктү ижарага алуу | 125 |
|
| 125 |
|
2214 | Транспорттук кызматтар | 200 |
|
| 200 |
|
2215 | Ар түрдүү чыгымдар | 872 |
|
| 872 |
|
2221 | Мүлктү учурдук оңдоо | 300 |
|
| 300 |
|
2222 | Чарбалык буюмдар жана материалдар | 130 |
|
| 130 |
|
2224 | Көмүр жана башка отундарды сатып алуу | 180 |
|
| 180 |
|
| ЖКХ 706 | - 1807 | 0 | 0 | - 1807 | 0 |
2512 | Мамлекеттик ишканаларга каражаттык субсидиялар | 1000 |
|
| 1000 |
|
3111 | Имараттар жана курулуштар | -7570,7 |
|
| -7570,7 |
|
3112 | Машиналар жана жабдуулар | 1588,7 |
|
| 1588,7 |
|
3113 | Башка негизги фонддор | 3175 |
|
| 3175 |
|
| Жалпы айыл өкмөтү боюнча | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
Жооптуу катчы Н.Насибалиев