ПостановлениеДействует

Ак-Турпак айылдык кенешинин 2026-жылдын 3-августундагы №18 «Ылдамдыкты басаңдатуучу жасалма дөңсөөлөрдү» жана жол белгилерин орнотуу жөнүндө» токтому

Редакцияот 03.08.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVIII- сессиясы

 

2026-жылдын 3-августу № 18

 “Ылдамдыкты басаңдатуучу жасалма дөңсөөлөрдү”

жана жол белгилерин орнотуу жөнүндө

 

Жергиликтүү тургундардын кайрылууларын жана талаптарын эске алып,              Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  сунушун карап чыгып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 20-апрелиндеги № 52 “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесинин 3-пунктуна ылайык Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Ак-Турпак айыл аймагындагы Миң-Чынар айылынын негизги авто жолуна жана Чоң-Кара – Ак-Турпак авто жолуна “ылдамдыкты басаңдатуучу жасалма дөңсөөлөрдү” орнотууга макулдук берилсин.

2. Ак-Турпак айыл аймагындагы айылдардын ички авто жолдоруна ылдамдыкты чектөөчү жол белгилерин орнотууга макулдук берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана тиешелүү мамлекеттик органдар жана уюмдар менен макулдашуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  башчысы Ж. Маканбаевге милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Тѳрага

А.Имаров