Каркыра айыл аймагынын 2026-жылга бекитилген бюджетине айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтому
КАРКЫРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
Каркыра айылдык кеңешинин ХХIX чакырылышынын 18 сессиясы |
|
|
Т О К Т О М
П О С Т А Н О В Л Е Н И Е
2026-жылдын 18-ноябры №155
Каркыра айыл аймагынын 2026-жылга бекитилген бюджетине айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Каркыра айыл аймагынын 2026 - жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кенештин XXIX чакырылышынын 18- сессиясы токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 12.10.2026-ж. №775-т тескемесине ылайык айыл чарба жерлерине тиешелүү жерлерге мүлк салыгынан бошотууга байланыштуу жергиликтүү бюджеттен жоготууларын компенсациялоо үчүн республикалык бюджеттен 958,4 (тогуз жүз элүү сегиз миӊ төрт жүз) сом келип түшүшүнө байланыштуу 2026 - жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
Анын ичинен:
- 400,0 мин сом акча каражаты “Биримдик” МИ “Билинг” системасын орнотууга бөлүнсүн.
- 378,4 сом айыл өкмөттүн кызматкерлерине улуттук орнамент түшүрүлгөн бирдиктүү форма тиктирүүгө бөлүнсүн.
- Көөчү айылына көпүрө орнотууга 120,0 сом бөлүнсүн.
- Талды-Суу айылына көпүрө орнотууга 60,0 сом бөлүнсүн
- Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Т. Черикбаевге жүктөлсүн.
Каркыра айылдык
Кенешинин төрагасы С.Жангабылов