ПостановлениеДействует

Ак-Турпак айылдык кенешинин 2026-жылдын 3-августундагы №20 «Айыл чарба жерлерине мүлк салыгын эсептөөдө базалык салык наркын (БСН) колдонуу жөнүндө» токтому

Редакцияот 03.08.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVIII- сессиясы

 

2026-жылдын 3-августу № 20

Айыл чарба жерлерине мүлк салыгын эсептөөдө

базалык салык наркын (БСН) колдонуу жөнүндө

 

 Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-октябрындагы № 43 “Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык, айыл чарба багытындагы жерлерге мүлк салыгын туура эсептөөнү камсыз кылуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн уюштуруу максатында, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан айыл чарба жерлерине мүлк салыгын эсептөөдө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 401-беренесинин 2-бөлүгүндө Кадамжай району үчүн белгиленген базалык салык наркы (БСН) колдонууга алынсын.

2. Ак-Турпак айыл аймагынын айыл чарба жерлерине мүлк салыгын эсептөөдө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген базалык салык наркына (БСН) 1,5 өлчөмүндөгү коэффициент колдонулсун.

3. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, 2022-жылдын 1-январынан 2030-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде айыл чарба жерлерине мүлк салыгынын ставкасы 0 пайыз өлчөмүндө белгиленгендиги эске алынсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Тешебаевага милдеттендирилсин.

 

 

 

Тѳрага

А.Имаров