Ак-Турпак айылдык кенешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы №23 «Кезектеги V Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо үчүн жыйындарды уюштуруп өткөрүү жөнүндө» токтому
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XХ- сессиясы
2026-жылдын 28-сентябры № 23
Кезектеги V Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо үчүн
жыйындарды уюштуруп өткөрүү жөнүндө
КРнын “Элдик Курултай жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын, КРнын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 “Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгынын, IV Элдик Курултайдын Улуттук Кеңешинин 2025-жылдын 25-декабрында кабыл алган “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосунун негизинде, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Турпак айыл аймагында Кезектеги V Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйыны 2026-жылдын 24-октябрында саат 10:00дө Жаңы-Жер айылындагы маданият үйүндө өткөрүлсүн.
2. Ак-Турпак айыл аймагында жашаган калктын санына ылайык (10 001ден 20 000ге чейин), V Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйынына катышуучу өкүлдөрдүн саны 80 (сексен) өкүл болуп бекитилсин.
3. Коомдук өз алдынча башкаруулар боюнча жарандардын жыйындарын өткөрүү үчүн Ак-Турпак айыл аймагы 15 айылга (аймактык бөлүккө) бөлүнсүн.
4. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын жана коомдук өз алдынча башкаруулар боюнча жарандардын жыйындарын уюштуруп өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Жыйындарды өткөрүүгө жооптуулар, өткөрүү графиги жана уюштуруу тартиби 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Ак-Турпак айыл өкмөтүнө төмөнкү иштерди аткаруу милдеттендирилсин:
- айылдарда коомдук өз алдынча башкаруулар боюнча жарандардын жыйындары өтө турган күн, убакыт жана жайы (орду) жөнүндө массалык маалымат каражаттары, соцтармактар жана башка булактар аркылуу жергиликтүү жашоочуларды кабардар кылуу;
- Жергиликтүү коомдоштуктун жыйыны өтө турган күн, убакыт жана жайы (орду) жөнүндө делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйынына катышуучу өкүлдөрдү кабардар кылуу;
- жыйындар өтүүчү жайларды аныктап, тиешелүү техникалык каражаттар, жабдыктар жана шарттар менен камсыз кылуу.
7. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы Н.Насибалиевге төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
- жыйындардын протоколдорун жалпылоо;
- делегаттардын тиешелүү документтерин Уюштуруу комитетине жөнөтүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин Регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду айыл өкмөтүнүн сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо.
8. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңештин төрагасынын орун басарлары К.Сейитмуратовго, А.Тешебаевага милдеттендирилсин.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Тѳрага | А.Имаров |
|
|
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
2026-жылдын 28-сентябрындагы кезектеги ХХ сессиясынын
№ 23 токтомуна 1-тиркеме
Ак-Турпак айыл аймагында Кезектеги V Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо үчүн жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын жана коомдук өз алдынча башкаруулар боюнча жарандардын жыйындарын уюштуруп өткөрүүчү жумушчу топтун курамы:
1. Жумушчу топтун башчысы - айылдык кеңештин төрагасы А.Имаров;
2. Жумушчу топтун катчысы - айылдык кеңештин
жооптуу катчысы Н.Насибалиев;
3. Жумушчу топтун мүчөлөрү - айылдык кеңештин төрагасынын орун басарлары К.Сейитмуратов, А.Тешебаева;
- айылдык кеңештин депутаттары;
- айыл башчылар;
- Ж.Садиров атындагы милициянын аймактык бөлүмчөсүнүн башчысы А.Мурадылов;
- Жаңы-Жер айылындагы маданият үйүнүн жетекчиси З.Таштемиров.
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы Н.Насибалиев
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
2026-жылдын 28-сентябрындагы кезектеги ХХ сессиясынын
№ 23 токтомуна 2-тиркеме
Ак-Турпак айыл аймагындагы айылдарда коомдук өз алдынча башкаруулар боюнча жарандардын жыйындарын өткөрүү графиги жана жооптуулар
№ | Айылдын аталышы | Мөөнөтү | Жыйын өтүүчү жай | Шайла-нуучу өкүл- дөрдүн саны |
Жооптуулар |
1 | Өтүкчү | 08 - 16.10.2026 | Өтүкчү айылы | 3 |
А.Тешебаева Б.Ганыева Г.Садыкова К.Бөкөев |
2 | Кызыл-Коргон | 08 - 16.10.2026 | Кызыл-Коргон о.м | 4 | |
3 | Кара-Тумшук | 08 - 16.10.2026 | 1 | ||
4 | Ак-Турпак | 08 - 16.10.2026 | Ш.Жээнбаев о.м | 3 |
А.Тешебаева К.Келдибеков Б.Коргонбаев А.Жарматов |
5 | Чон-Кара | 08 - 16.10.2026 | Чоң-Кара о.м | 2 | |
6 | Токой | 08 - 16.10.2026 | Токой айылы | 1 | |
7 | Калача | 08 - 16.10.2026 | Калача айылы | 1 | |
8 | Чогорок | 08 - 16.10.2026 | Чогорок айылы | 1 | |
9 |
Жаны-Жер, Сары-Камыш, Биримдик |
08 - 16.10.2026 |
Жаны-Жер Маданият үйү |
18
| А.Тешебаева К.Арзыбаев Д.Кулуева У.Абдикаримов Б.Бурханов А.Урмонов
|
10 |
Мин-Чынар |
08 - 16.10.2026 |
А.Төралиев о.м |
15
|
К.Сейитмуратов А.Имаров Г.Салиева Г.Джеенбаев М.Жолчуева Б.Сатыбалдиев А.Дыханов
|
11 |
Мин-Чынар-2 |
08 - 16.10.2026 |
Мин-Чынар -2 о.м |
5 | |
12 |
Келечек |
08 - 16.10.2026 |
Келечек айылы |
3 |
К.Сейитмуратов С.Акматова А.Мамараимов
|
13 |
Жаш-Тилек |
08 - 16.10.2026 |
Жаш-Тилек о.м |
3 | |
14 |
Жетиген |
08 - 16.10.2026 |
Жетиген айылы |
5 | |
15 |
Өрүк-Зар |
08 - 16.10.2026 |
Өрүк-Зар о.м |
15 | К.Сейитмуратов М.Ботобеков С.Ахунова К.Бөкөева А.Бөрүбаев Э.Зайилов |
| Жалпы |
|
| 80 |
|
Эскертүү: Жыйындар жарандардын 50дөн кем эмеси катышканда ыйгарым укуктуу болот.
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы Н.Насибалиев