ПостановлениеДействует

Ак-Турпак айылдык кенешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы №24 «Муниципалдык кызматчыларга эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтому

Редакцияот 28.09.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XХ- сессиясы

 

2026-жылдын 28-сентябры № 24

Муниципалдык кызматчыларга эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” ПЖ № 266-жарлыгынаылайык,    Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Муниципалдык кызматчылардын штаттык расписаниесин Кыргыз Республикасынын жаңы кабыл алынган мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирүүгө жана бекитүүгө макулдук берилсин.

 

2. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жана Ак-Турпак айылдык кеңешинин муниципалдык кызматчыларына 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып мыйзамдарда белгиленген тартипте көбөйтүлгөн эмгек акыны төлөп берүүгө макулдук берилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Тешебаевага жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

Тѳрага

А.Имаров