Ак-Турпак айылдык кенешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы №25 «Чоң-Кара айылынын Башкы планын бекитүү жөнүндө» токтому
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XХ- сессиясы
2026-жылдын 28-сентябры № 25
Чоң-Кара айылынын Башкы планын бекитүүжөнүндө
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин 2026-жылдын 23-сентябрындагы №01-05/2480 катын карап чыгып, Ак-Турпак айыл аймагындагы Чоң-Кара айылынын Башкы планын бекитүү жөнүндөгү маселени угуп, талкуулап, айылдардын өнүгүүсүн пландаштыруу, калк үчүн ыңгайлуу жашоо-шарттарды түзүү жана инфраструктураны өнүктүрүү максатында, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Турпак айыл аймагындагы Чоң-Кара айылынын Башкы планынын долбоору жактырылып, бекитилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Тешебаевага жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Имаров |
|
|