ПостановлениеДействует

Ак-Турпак айылдык кенешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы №26» Жер аянттарынын категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 28.09.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XХ- сессиясы

 

2026-жылдын 28-сентябры № 26

 Жер аянттарынын категориясын которууга

(трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

 

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  жер адиси Х.Жарматовдун сунуш катын карап, маалыматын угуп, Ак-Турпак айыл аймагындагы калктын жашоо шартын жакшыртуу, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо жана социалдык маселелерди чечүү максатында, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  жер адиси Х.Жарматовдун сунуш каты канааттандырылсын.

2. Миң-Чынар айылынын аймагында жайгашкан мурда курулуп калган “Акжубазды” (күрүч тазалоочу жана даярдоочу цехти) ушул эле айылдын түштүк-чыгыш тарабына көчүрүү максатында № 151 контурдагы 0,50 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жайыт жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

3. Бала бакча куруу үчүн Өтүкчү айылындагы 0,40 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жайыт жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлеринин” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

4. Жаш-Тилек айылындагы тегирменди Жетиген айылынын түндүк тарабына көчүрүү максатында № 26 контурдагы 0,20 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жайыт жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

5. Жогоруда көрсөтүлгөн жер аянттарынын категориясын бир түрдөн экинчи түргө которуу (трансформациялоо) боюнча иш аракеттерди жүргүзүү, тиешелүү материалдарды даярдап, жогорку органдарга сунуштоо ошондой эле ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Джеенбаевге милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

 

Тѳрага

А.Имаров