Ак-Турпак айылдык кенешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы №28 «Мурдагы колхоз-совхоздордон калган талаа шыйпанын (полевой стан) муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө» токтому
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XХ- сессиясы
2026-жылдын 28-сентябры № 28
Мурдагы колхоз-совхоздордон калган талаа шыйпанын (полевой стан) муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жер адиси Х.Жарматовдун сунуш катын карап чыгып, Ак-Турпак айыл аймагынын аймагында жайгашкан талаа шыйпанын (полевой стан) муниципалдык менчикке кабыл алуу максатында, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Турпак айыл аймагынын аймагында жайгашкан, мурдагы колхоз-совхоздордон калган, учурда “Төлөш” фермердик чарбасы тарабынан оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланылып жаткан талаа шыйпаны (полевой стан) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалдык менчикке кабыл алынсын.
2. Талаа шыйпанын муниципалдык менчикке кабыл алынышын мыйзамдарда белгиленген тартипте жол-жоболоштуруу, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана муниципалдык мүлктүн реестрине киргизүү Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жер адиси Х.Жарматовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы жөнүндө айылдык кеңешке маалымат берүү Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Тѳрага | А.Имаров |
|
|