Чүй айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-мартындагы № 9/13 «Чүй айыл өкмөтүнүн карамагында турган көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 9-мартындагы № 9/13
Чүй айыл өкмөтүнүн карамагында турган көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө
“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга койу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 – беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025 – жылдын 19 – августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибинин бекитүү жөнүндө” № 52 токтомуна ылайык Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чүй айыл өкмөтүндөгү көрүстөндөрүндө көмүү үчүн жер тилкелерин алдын ала брондоо тартиби жобого ылайык бекитилсин.
2. Көмүү жайын алдын ала брондоо үчүн төлөмдүн өлчөмү жобого ылайык бекитилсин.
3. Жогорудагы мыйзамга ылайык иштөө тартибинин көзөмөлгө алуу жана иш алып баруу Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын м.а А.Исмаиловго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө Чүй айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Айтиевге жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Ы.Ысманов |